# Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө

- Толук аталышы: Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-18/edition/285272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө (17.01.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2027

---

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 17-январы ПУ N 27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин

мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө

Жарандардын арыздарына, сунуштарына, даттанууларына жана оозеки

кайрылууларына кунт коюп, принциптүү мамиле жасоо маанилүү социалдык

маселелерди, мамлекеттик курулуштун утурумдук жана келечектеги

маселелерин комплекстүү талдоого, каттын артында күнүмдүк

кызыкчылыктары, турмуштук түйшүктөрү менен конкреттүү адамды көрүүгө

мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик иш-аракетердин негизги принциптеринин

бири болуп эсептелет.

Бирок министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,

администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

ишинде жарандардын арыздарын жана даттанууларын ар тараптан,

объективдүү жана өз убагында текшерүүнүн талаптары бузулган учурлар

кездешет, жүйөөлүү өтүнүчтөргө жана билдирүүлөргө жүр нарыга салган

көњүлкош, формалдык-бюрократиялык, кайрымы жок мамилелер токтотулбайт.

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери арыздарды

дыкаттык менен карап чыгуунун ордуна көбүнесе курулай жооп кайтаруу

менен кутулушат. Жарандардын каттары жана оозеки кайрылуулары менен

иштөөдө бул кайрылууларды ар тараптан жана объективдүү карап чыгуу

үчүн, өзгөчө талаш маселелер боюнча, компетенттүү адистер тартылбайт.

Жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, алардын жагдайын,

кыймылын, географиясын, кайтадан келип түшкөн жана жамааттык

кайрылууларды талдоо боюнча маалыматтык-статистикалык иш начар

жүргүзүлөт. Мына ушул кемчиликтердин баары жарандардын адилеттүү

нааразылыгын туудуруп, аларды жогору турган мамлекеттик органдарга

кайтадан кайрылууга мажбур кылат. Жогоруда аталган фактылар

мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

тарабынан «Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын

кароонун тартиби жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү

түрдө аткарылбагандыгын көрсөтөт.

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана

даттануулары менен ишин өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын башчыларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын башчыларынын аппараттарда жана аларга караштуу мекеме,

уюмдарда жарандардын каттары жана сунуштары менен иштин туура

уюштурулушу, ошондой эле кайрылуулардын тийиштүү түрдө эмес жана өз

убагында эмес каралышы үчүн жекече жоопкерчилиги белгиленсин.

Сын пикирлерди кысымга алуу, каттардын авторлорун куугунтуктоо,

бюрократиянын жана жүр нарыга салуулардын фактылары чечкиндүү

токтотулсун.

2. Жарандардын бардык кайрылуулары жарандардын сунуштарын,

арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндөгү мыйзамдарга

так ылайыктуулукта карала тургандыгы жана милдеттүү түрдө контролго

алына тургандыгы белгиленсин.

Жарандардын кайтадан келип түшкөн кайрылууларынын, жамааттык

каттардын жана кызмат адамдарынын кызматынан кыянаттык менен

пайдалануусу жөнүндөгү маалыматтарды камтыган каттардын материалдары

боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт жана анын жыйынтыктары

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын

коллегияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

жыйналыштарында каралат. Бул маселелер боюнча милдеттүү түрдө Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясында билдирилет.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

башчылары:

- аппараттарда жана аларга караштуу мекеме, уюмдарда келип түшкөн

каттардын жана жарандардын сунуштарынын так эсебин жүргүзүүнү, алардын

өз убагында жана объективдүү каралышына таасирдүү контролду

орнотушсун, жарандардын арыздарынын олуттуу түрдө каралышына

жетишишсин;

- жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун

тартиби жөнүндө мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү болгон өзүнө баш

ийген кызматчыларга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки таасир

этүү чараларын, мындай фактылар жөнүндө коомчулукка маалымдоо менен,

колдонушсун;

- жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөө тажрыйбасына

талаш-тартыш маселелер боюнча бул кайрылууларды ар тараптан жана

объективдүү кароо үчүн компетенттүү адистерди тартууну киргизишсин;

- жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, алардын жагдайын,

кыймылын жана каттардын географиясын, кайтадан келген жана жамааттык

каттарды талдоо боюнча маалыматтык-статистикалык иштерди өркүндөтүү иш-

аракеттери күчөтүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен жүргүзүп

жаткан иштерин дайыма текшерип турсун, ал эми мыйзамдардын бузулушу

аныкталган учурда күнөөлүүлөргө карата Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген таасир этүү чараларын колдонсун.

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын

Конституциясы жана мыйзамдары менен өзүнө берилген ыйгарым укуктарга

ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын

арыздары менен даттанууларынын каралышына карата прокурордук

көзөмөлдү, тартип бузгандарга Мыйзамдын бардык катуулугу боюнча

жоопкерчиликке тартуу менен, күчөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги укуктук пропаганда,

калкты укуктук жактан тарбиялоо жана үйрөтүү жаатындагы иш-аракеттерди

күчөтсүн, жарандардын арыз берүүсүн жана анын каралышын камтуу менен

туруктуу түрдө жалпыга маалымдоо каражаттары - телекөрсөтүү, радио

жана басма сөз аркылуу тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын

Коллегиясы жылына бир жолудан кем эмес министрликтердин, мамлекеттик

комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жарандардын арыздары жана

даттануулары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчетторун уксун.

Жарандардын арыздары жана даттануулары боюнча жүргүзүп жаткан иштери

канааттандырарлык эмес болгон фактылар аныкталган учурда

министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

башчыларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган,

ээлеген кызматынан бошотууга чейинки таасир этүү чараларын колдонуу

жөнүндө сунуш киргизсин.

8. Бул Указдын 1-3, 5-6-пункттарынын аткарылышына карата контроль

жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жүктөлсүн.

9. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
