# 1-берене

- Документ: [КР](https://aqlex.ai/kg/doc/202699)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 19-январындагы № 7 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202699/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4086/edition/457300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202699/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР, 1-берене (19.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202699/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүмүнө (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 44-статьянын 2-бөлүгү "өздүк" деген сөздөн кийин "гана" деген

сөз менен толукталсын.

2. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-1-статья менен толукталсын:

"131-1-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан

облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды

чыгаруу

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигаци-

яларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.".

3. 147-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган

тартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга

укуктуу.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202699/st-2)
