1-берене
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толук- тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Сот бийлигинин бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча рес- публикалык бюджетке кошулат жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат."; 3-жана 4-бөлүктөр тийиштүү түрдө 4 жана 5-бөлүктөр деп эсептелсин.
2. 9-статьяда:
6-бөлүктөгү "бюджеттен каржылануучу" деген сөздөрдөн мурда ", сот системасынан тышкаркы" деген сөздөр менен толукталсын; 7-бөлүктөгү ", бюджеттен каржыланган республикалык" деген сөздөрдөн мурда "сот системасынан тышкаркы" деген сөздөр менен толук- талсын.
3. 29-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Үстүдөгү финансы жылында Кыргыз Республикасынын сот системасын финансылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды Кыргыз Рес- публикасынын Судьялар кењешинин макулдугу менен гана секвестеризация- лоого жол берилет.".
4. 40-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толуктал-
сын: "Кыргыз Республикасынын судьялар Кењеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин, (жергиликтүү соттордун бюджеттерин кошкондо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки пландаштырылган эки жылга бюджеттеринин долбоорун карайт, аларды жалпылайт, соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоору катары кийинки финансы жылы башталган- га чейин 8 айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макул- дашууга жиберет. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Атайын комиссияны түзөт. Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Атайын комиссиясынын өкүлдөрү ки- йинки финансы жыл башталганга чейин 6 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүүгө жана аяктоого милдеттүү. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешине жибериле турган республикалык бюджеттин долбооруна Кыр- гыз Республикасынын Судьялар кењешинин сунушун өзгөртүүсүз кошот жана өзүнүн корутундусун тиркейт. Тийиштүү жылга бюджетти түзүүдө сот системасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүм- күн."; 3-5-бөлүктөр тийиштүү түрдө 5-7-бөлүктөр деп эсептелсин.
5. 41-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет- теринин, администрациялык ведомстволорунун, башка аткаруу бийлик орган- дарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин, Кыр- гыз Республикасынын Конституциялык Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жо- горку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жетекчилери- нин алардын сметасы жана бюджети боюнча баяндамаларын угат, алар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары киргизген бюджет боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди карайт;".
6. 43-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толуктал-
сын: "Соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына судьялар Кењеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка органдар контрол- дук жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын сотторунун бюджети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бекиткен республикалык бюджетке ылайык Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү тарабынан аткарылат.".
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202697/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>