# КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4083/edition/1022212/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202696

---

КР 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2009-жылдын 20-ноябры № 302

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2009-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202696/st-1)

Мамлекеттик тилде баяндалган "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жылдын 24-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 45-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Башкы прокурордун кызмат ордуна курагы 35 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.".

2. 51-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн жана кандайдыр бир пенсия ал- баган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө аларга дайындала турган пенсия- нын 50% өлчөмүндө ай сайын эмгек акыларына кошумча акы төлөнүп бери- лет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202696/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
