# 9-берене. Ишке ашырылуучу жана пландалуучу чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча жалпы талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693#diff=956377..956378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 9-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-9

---

1. Айлана-чөйрөнүн абалын турукташтырууга жана жакшыртууга айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизип жаткан чарбалык жана башка иштин объекттери терс таасирдин деңгээлин этаптуу азайтуунун талаптарын аткарышы менен жетишилет.

2. Өндүрүштүн жайгаштырылуучу калдыктарынын көлөмү (калдыктарды жайгаштырууга лимиттер) кайрадан иштетилүүчү, сатылуучу же башка ишканаларга утилдештирүү үчүн өткөрүп берилүүчү калдыктарды уюшкандыкта жайгаштыруу объекттеринин ведомствого таандык аймактарындагы кубаттуулуктан ашпоого тийиш.

3. Чарбалык жана башка иштин иштеп жаткан жана пландалган объектеринин айлана-чөйрөгө уруксат берилген терс таасиринин деңгээлин аныктоо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктоочу тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Чарбалык жана башка иштин объекттери өз иштерин айлана-чөйрөгө терс таасирдин көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу бекитилген уруксаттарга, зарыл учурда терс таасирдин көлөмүн азайтуунун сандык көрсөткүчтөрү жана саркындылардын, булгоочу заттардын чыгарылуу жана калдыктардын жаралуу көлөмдөрүн азайтуу боюнча пландаштырылып жаткан иш-чаралардын баяндамасы берилген терс таасирди азайтуу планына ылайык жүргүзүшөт.

5. Уруксат берилген терс таасирдин деңгээлин (жол берилген саркындылар, булгоочу заттардын жол берилген чыгарылышы, калдыктарды жайгаштыруу лимиттери) аныктоо жол-жобосу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

6. Чарбалык жана башка иштин объекттери жыл сайын саркындылардын, булгоочу заттарды чыгаруунун, калдыктар боюнча иштөөнүн курамы жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик администрацияларга айлана-чөйрөгө терс таасирдин эсебин алуу үчүн отчет беришет.

7. Чарбалык жана башка иштин объекттери субъекттин жетекчилиги бекиткен регламентке ылайык өндүрүштүк, ведомстволук экологиялык контроль жүргүзүшөт.

8. Булгоочу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирдин уруксат берилген деңгээлинен ашык, анын ичинде авариянын натыйжасында чыгарылган учурда чарбалык жана башка иштин субъект айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсациялоого милдеттүү.

9. Пландалып жаткан, айлана-чөйрөгө түз же кыйыр таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык жана башка иш боюнча мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлөт. Милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүчү экономикалык иштин түрлөрү ушул Мыйзамдын N 1 тиркемесинде берилди.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-10)
