# 8-берене. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 8-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-8

---

1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткарышы айлана-чөйрөнү жана калкты көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүдө болуучу терс таасирден коргоонун зарыл ыкмаларынын баарын колдонуу жолу менен жетишилет, ал ыкмаларды чарбалык жана башка иштин субъекти айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныктайт.

2. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугу төмөнкүдөй камсыздалат:

1) экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуу имараттарды, курулмаларды, өндүрүштүк аянттарды жана башка чечимдерди жайгаштыруучу орунду тандоо менен;

2) технологиялык жана жаратылышты коргоочу жабдуулардын эксплуатациялык документтерде белгиленген иштөө режимин аткаруу менен;

3) опурталдуу сырьену, материалдарды жана аларды камтыган продукцияны чыгарууда (иштетүүдө) айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоочу талаптарды аткаруу менен;

4) сырьенун, материалдардын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын опурталдуу түрлөрүн коопсуз сактоонун, ташуунун алар айлана-чөйрөгө уруксатсыз чыгарылышын болтурбоочу шарттарын камсыздоо менен;

5) айлана-чөйрөгө терс таасир этүүгө байланыштуу процесстер менен операцияларды андай таасир эң аз болуучу жана терс таасирдин уруксат берилген деңгээлдеринен ашпоочу процесстерге жана операцияларга алмаштыруу менен;

6) калдыгы аз технологияларды жана өндүрүштүк цикл жабылуучу технологияларды колдонуу, эгер ал мүмкүн болбосо өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирдин булагы болуучу калдыктарын өз убагында утилдештирүүчү (жок кылуучу, зыянсыздандыруучу; көмүүчү ж.б.) технологияларды колдонуу менен; суунун айланма камсыздоочу системаларын пайдалануу; пайдаланууга мүмкүн болгон мыкты технологияларды эске алып экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруунун башка чараларын жана ыкмаларын колдонуу менен;

7) айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруу максатында технологиялык процесстерди жана операцияларды өркүндөтүү менен;

8) ишенимдүү иштөөчү жана такай текшерилип туруучу контролдоочу-өлчөөчү приборлорду, авариядан сактануучу түзүлүштөрдү, маалыматты алуунун, иштетүүнүн жана берүүнүн каражаттарын пайдалануу менен.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-9)
