# 7-берене. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 7-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-7

---

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоо төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) айлана-чөйрөгө терс таасирдин азайышын, персоналдын коопсуздугун камсыздоочу жана авариялык кырдаалдын чыгышын болтурбоочу конструкциялык сапаттары бар машиналарды жана жабдууларды колдонуу, ошондой эле технологиялык процесстерди колдонуу;

2) саркындыларды, чыккан булгоочу заттарды тазалоонун айлана-чөйрөгө терс таасиринин деңгээлин минималдаштырууга мүмкүндүк берүүчү натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын, пайда болгон калдыктарды утилдештирүүнүн технологияларын колдонуу;

3) ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен чарбалык жана башка иштин пландалып жаткан объектинин айлана-чөйрөгө таасирин көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин баалоо.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-8)
