# 6-берене. Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 6-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-6

---

Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

1) чарбалык жана башка ишти жүргүзүү боюнча чечим чыгарылганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана айлана-чөйрөгө таасирди баалоонун милдеттүү жүргүзүлүшү;

2) ушул жана башка техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жараша чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө таасиринин белгиленген деңгээлинин жол берилиши;

3) экономикалык жана социалдык факторлорду, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну эсепке алуу менен колдо болгон мыкты технологияларды пайдалануу аркылуу чарбалык жана башка иштин өндүрүштүк процесстеринин айлана-чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;

4) айлана-чөйрө үчүн натыйжасын болжолдоого мүмкүн болбогон чарбалык жана башка иштин процесстеринин жүргүзүлүшүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүгө алып келиши мүмкүн болгон долбоорлордун ишке ашырылышына тыюу салуу;

5) табигый экологиялык системаларды сактоо артыкчылыгы;

6) ачыктык принциби: экологиялык натыйжалар болуучу чарбалык жана башка иш процесстерин пландоодогу, ишке киргизүүдөгү ачык-айкындык, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланыш, жаратылыш ресурстарын сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштерди сүрөмөлөө жана түрткү берүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-7)
