# 3-берене. Экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы тарабы болуп эсептелген эл аралык макулдашуулар, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдары, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул жалпы техникалык регламент экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негизи болуп эсептелет.

2. Ушул техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү экологиялык коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актыларынын жоболору ушул техникалык регламентке каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-4)
