# 20-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 20-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-20

---

1. Мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздукка дал келишине баа берүү айлана-чөйрөнү жана калкты пландаштырылуучу иштердин потенциалдуу терс таасиринен коргоо максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.

2. Чарбалык иштин демилгечиси мамлекеттик экспертизага берүүчү документтердин курамында эң мыкты жеткиликтүү технологияларды колдонуу жөнүндө далил материалдар болууга тийиш.

3. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун болушу ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык айлана-чөйрөгө таасир этүүчү чарбалык жана башка ишти баштоо үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-21)
