2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
Ушул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: мамлекеттик экологиялык контроль - изилдөө, өлчөө жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынын жыйынтыктарын жол-жоболоштуруунун жардамы менен жүзөгө ашырылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештикти баалоо формасы; булгоочу зат - белгилүү концентрацияда айлана-чөйрөгө тараса адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч келтирүүчү зат; чарбалык жана башка иштин объектинин таасир этүү зонасы - жер жана/же суу бетинин, ошондой эле атмосферанын, ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка иштин объектинин ишинин сапаттык нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу; коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга бөлүнгөн баа берилиши. табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосферанын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жерге жакын космостук мейкиндик; айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын деградацияланышына, жаратылыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири; экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелчилигин четтетүүгө арналган иш-чаралардын жана иштердин системасы; чарбалык жана башка иштин объекти - продукция жасоо, сактоо, ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте жүргүзүлүүчү иш менен техникалык жактан бириктирилген техникалык объект; айлана-чөйрө - адамдан жана башка жандуу организмдин жашоосунун шарты, каражаты жана орду болуп саналган адам байырлаган чөйрө, биосфера; жаратылышты табигый экологиялык системалардын системасы катары жана адамдын ишинин натыйжасында кайра жаралган табигый чөйрөнүн ошол бөлүгүн камтыйт; табигый ландшафт - чарбалык жана башка иштин натыйжасында өзгөрбөгөн жана аймактагы жер бетинин, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн бирдей климаттык шартта калыптанган рельефинин тийиштүү түрлөрүнүн айкалышуусу менен мүнөздөлгөн аймак; табигый ресурстар - чарбалык жана башка иштин процессинде пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый чөйрөнүн компоненттери, жаратылыштык объекттер жана жаратылыштык-аптропогендик объекттер; чарбалык жана башка иштин субъекти - объектти эксплуатациялаган же башкарган жеке адам же юридикалык жак, же объекттин техникалык иштеши жактан чечүүчү экономикалык ыйгарым укуктар өткөрүп берилген жак; экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка иштин процессинде болуучу тобокелчиликтен сактануу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткарылышы милдеттүү талаптар жана жол-жоболор. технология - даяр продукцияны алуу үчүн өндүрүштүк процессте колдонулуучу, сырьену, материалдарды же полуфабрикаттарды иштетүү, жасоо, касиеттерин өзгөртүү ыкмаларынын жыйындысы; чарбалык жана башка иш - жасоо, сактоо, ташуу, реализациялоо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр; экологиялык көзөмөл - айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иши; экологиялык натыйжалар - чарбалык же башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалынын же адамдын ден соолугунун өзгөрүшү; экологиялык система - жандуу организмдердин жансыз айлана-чөйрө менен өз ара таасир этишүүсүнүн жана өз ара байланышынын системасы.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202693/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>