# 19-берене. Мамлекеттик экологиялык контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 19-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-19

---

1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик экологиялык контролдоо чарбалык жана башка иштин объекттери чарбалык жана башка иштин процессине карата ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.

2. Ушул техникалык регламент жана башка техникалык регламенттер тарабынан коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарууну мамлекеттик экологиялык контроль жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелери менен методдору, ошондой эле изилдөөлөр менен өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн мыйзам тартибинде белгиленген, ушул техникалык регламентти колдонуу үчүн зарыл болгон башка техникалык регламенттердин үлгүлөрүн тандоо эрежеси колдонулат.

3. Чарбалык жана башка иштин объектиси ушул техникалык регламентте коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:

1) текшерүүнүн жыйынтыктарын жол-жоболоштуруу;

2) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү.

4. Ушул техникалык регламент менен экологиялык коопсуздук талаптарына объекттердин ылайыктыгын жөнгө салууну контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) визуалдуу контроль;

2) инструменталдык контроль;

3) документтердин болушуна контроль.

Визуалдуу контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча атайын жабдууларды (приборлорду) колдонбостон көрүү органдарынын жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Инструменталдык контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча приборлордун же атайын жабдуулардын же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринде же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринен тышкары тийиштүү изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү тандоо аркылуу өлчөө бирдиктерин камсыздоо жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүчү иш-чара. Документтердин болушун контролдоо - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча көрсөтүлгөн процесстердин документтерин көрсөтүү үчүн милдеттүү болгон иш-чара (ушул Мыйзамга карата 3-тиркеме).

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-20)
