# 18-берене. Ылайык келүүнү баалоо жана ылайык келүүгө баа берүү формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 18-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-18

---

1. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишин баалоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында белгиленет.

2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат.

3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө баа берүү ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана ушул Мыйзамга карата 2-тиркемеге ылайык кооптуулук категориясы бар чарбалык жана башка иштин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ.

6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл колдонуудагы объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык контроль формасында, пландаштырылуучу объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-19)
