18-берене. Ылайык келүүнү баалоо жана ылайык келүүгө баа берүү формалары
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишин баалоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында белгиленет.
2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө баа берүү ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана ушул Мыйзамга карата 2-тиркемеге ылайык кооптуулук категориясы бар чарбалык жана башка иштин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ.
6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл колдонуудагы объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык контроль формасында, пландаштырылуучу объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202693/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>