# 16-берене. Калктуу конуштардын аймактарында жүргүзүлүүчү чарбалык жана башка ишке карата экологиялык коопсуздуктун талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-16

---

1. Шаар жана башка калктуу конуштардын чектеринде атмосфералык абалын сапатына терс таасир этүүчү чарбалык жана башка иштин объекттеринин долбоорлоодо жана жайгаштырууда атмосфералык абаны булгоонун фондук деңгээли жана көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө анын сапатынын өзгөрүш божомолу эске алынууга тийиш.

2. Атмосфералык абага булгоочу заттардын авариялык чыгышынан пайда болгон атмосфералык абанын абалы өзгөргөндө жана муну менен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилгенде чарбалык жана башка иштин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкты коргоо боюнча шашылыш чараларды көрөт.

3. Жашыл зоналардын топтому, анын ичинде өсүмдүктөрдүн бак дарак-бадал менен капталган жана ушул чөп өсүмдүктөрү өскөн шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу объекттери сакталууга жана өнүктүрүлүүгө тийиш. Жашылдандыруу объекттеринин аймактарында аларга терс таасир тийгизүүчү жана экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык багыттагы функцияларды аткарууга тоскоолдук кылуучу чарбалык жана башка ишке тыюу салынат.

4. Өндүрүштүк булганган сууларды өткөрүүчү канализациялык тармактарды калктуу конуштардын канализациялык тармагына кошууда контролдук кудуктар курулушу керек.

5. Шаар жана башка калктуу конуштардын аймактарында, токой паркынын, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык зоналарда, ошондой эле суу коргоочу зоналарда, ичүү жана чарбалык-тиричиликтик суу менен жабдуу максатында колдонулуучу жер алдындагы суу объекттеринин суу топтоочу аянттарында калдыктарды көмүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-17)
