# 15-берене. Жаратылыш ресурстарын пайдаланууда экологиялык коопсуздуктун талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 184 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об индивидуальном жилищном строительстве в Кыргызской Республике", "Об экологической экспертизе", "Общий технический регламент по обеспечению экологической безопасности в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031413)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693#diff=956378..37241>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 15-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-15

---

1. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) калктуу конуштарда атмосфералык абаны булгоочу чаң, зыяндуу газ, жаман жыттануучу заттардын булагы болуп саналган калдык сактоочу жайларды жана тоо кен калдыктарын жайгаштырууга;

2) жер казынасын уруксатсыз пайдаланууга;

3) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алганга чейин жердин үстүн жана анын жер байлыгынын бүтүндүгүн бузуучу иштерди аткарууга;

4) жер байлыгы жаткан аянтка уруксатсыз курулуш курууга жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдаланууга.

2. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө төмөнкүлөр камсыздалат:

1) пайдалуу кен байлыктарын суу каптоодон, суу ташкынынан, өрттөн жана пайдалуу кендердин, өнөр жайлык баалуу кендердин сапатын төмөндөтүүчү же аларды иштеп чыгууну татаалдатуучу башка факторлордон коргоо;

2) жер казынасын пайдаланууга байланыштуу, айрыкча мунайзатты же башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоого байланыштуу иштерди жүргүзүүдө, жер казынасын булганышын, коркунучтуу заттарды жана өндүрүш калдыктарын көмүүнү, булганыч сууларды чыгарууну болтурбоону;

3) газдардын капилет чыгышын, суунун жарып чыгышын болжолдоо жана алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууну;

4) пайдаланууга болбогон кен иштеп чыгууларды жана бургулоо скважиналарын жоюуну же консервациялоону;

5) уруксат берүүчү документтер менен аныкталган кен пайдалануунун башка шарттарын аткарууну.

3. Токойду пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кыртыштын эрозиясын күчөтүүгө жана токойлордун абалына, аларды көбөйтүүгө нормадан ашыкча терс таасир тийгизүүчү, ошондой эле суунун жана башка жаратылыш объекттеринин бузулушуна алып келүүчү ыкмалар менен иш жүргүзүүгө;

2) токойдун коргоо түзүлүштөрүнүн, өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалынын, ошондой эле аларды көбөйтүү шарттарынын начарлашына алып келүүчү иштерди жүргүзүүгө;

3) экосистеманын жана токойлорду көбөйтүү абалына зыяндуу таасир этүүнү четтетүүчү түзүлүштөр менен камсыздалбаган жаңы жана реконструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө;

4) жыгач тактайлардын жоголушуна, ишке жарактуу жыгач тактайларды отун кылууга жана аны багытынан тышкары чыгымдоого;

5) токойлорду кыюунун бардык түрлөрүнө жана илимий-изилдөө максаттарынан тышкары корук токойлорунда башка токойлорду пайдаланууга;

6) экинчи кезектеги токой материалдарын даярдоого, мал жаюуга, улуттук жаратылыш нарктарынын токойлорунда, токой заказниктеринде токой продуктуларын өнөр жайлык даярдоого, жаратылыш эстеликтерин илимий жана тарыхый мааниси бар токойлордо, токой парктарында, шаардагы токойлордо, калктуу конуштардын жана өнөр жайлык борборлордун айланасындагы жашыл зоналардын токой парк бөлүктөрүндө, мамлекеттик токой тилкелеринде эрозияга каршы жана субальп токойлорунда, дарыялардын, көлдөрдүн жээктериндеги жана башка суу объекттериндеги тыюу салынган токой тилкелеринде токой продуктуларын даярдоого;

7) чала кыйылган жана даярдалган жыгач тактайларды аны даярдоо жапа ташып кетүү мөөнөтү бүткөндө ошол жерде калтырууга.

4. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучулар тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:

1) токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын пайдаланууга берилген участоктордо сактоо жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү, ал эми токойдо өрт келип чыкса - аны өчүрүү;

2) кыюу иштеринин натыйжасында жаш көчөттөр жок кылынып же бак дарак-бадал өсүмдүктөрү жоголгон аянттарда токой өстүрүү иш-чараларын жүргүзүү;

3) токойлордо санитардык эрежелерди сактоо;

4) мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлердин жана мамлекеттик токой фондунун абалына туруктуу көз салуу, токой зыянкечтеринин жана ооруларынын очокторун аныктоо, көрсөтүлгөн очоктордун келип чыгышынын алдын алуу, аларды легализациялоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү;

5) токойду пайдалануу жана мамлекеттик токой фондунун участокторун колдонуу жаатындагы уруксат берүүчү документтердин башка шарттарын сактоо.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-16)
