# 11-берене. Суу объекттеринин корголушун камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 11-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-11

---

1. Өндүрүштүк саркынды суулар чарбалык жана башка иштин объекттерин айланма суу системалары менен камсыздоодо болушунча толук пайдаланылууга тийиш.

2. Суу объекттерин коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) суу коргоо зоналарынын жана коргоочу суу тилкелеринин чектеринде опурталдуу объекттерди жайгаштырууга;

2) чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык арналыштагы, айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу максаттардагы суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана илдеттерден арылтылбаган сууларды төгүүгө;

3) шаардык жана поселоктук канализациялардын системаларына аларды канализациялык системага кабыл алуунун талаптарына жооп бербеген, локалдуу тазалагыч курулмаларда тазаланбаган сууларды куюуга;

4) аныктоо методу белгиленбеген заттары бар өндүрүштүк саркынды сууларды канализация системаларына куюуга;

5) чарбалык жана башка иштин саркынды сууларды тазалоочу жана алардын иштешин контролдоочу түзүлүштөр менен жабдылбаган стационардык объекттерин ишке киргизүүгө жана эксплуатациялоого;

6) суу объекттеринин үстүндө жүрүүчү, ал кемелерде жана объекттерде топтолуучу калдыктарды жана саркындыларды топтогуч курулмалары жок өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди, ошондой эле башка объекттерди эксплуатациялоого;

7) өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерге төгүүгө жана көмүүгө, анын ичинде суу объекттерди жана алардын жээктерин калдыктар менен булгоого;

8) саркынды суулардын тунмаларын жайгаштыруу жана сактоо үчүн санкцияланбаган жерлерге төгүүгө;

9) рельефтин жапыз жерлерине тазаланбаган саркынды сууларды төгүүгө, ошондой эле нөшөрдүн тазаланбаган сууларын бурууга;

10) саркынды сууларды суу объекттерге жапырт кое берүүгө.

3. Ишинин натыйжасында саркынды суулар пайда болуучу чарбалык жана башка иш жүргүзүүчү субъекттер:

1) суу объекттерине булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лимити сакталышын жана аларды азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын камсыздашат;

2) жер үстүнөн жана жер астынан алынуучу суулардын эсебин жүргүзүшөт;

3) суу системаларына жана канализация системаларына булгоочу заттардын чыгарылышын инвентаризациялашат, ошондой эле өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде жана/же технологиялык жана тазалоочу жабдуунун иштеген убактысына жана режимине, отундун, сырьенун жана материалдардын сарпталышына, чыгарылган продукциянын көлөмүнө жараша башка уюмдарга өткөрүп берилген саркынды суулардын эсебин алышат;

4) саркынды сууларды суу объекттерине жана канализация системаларына чыгаруу үчүн тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды эксплуатациялоонун эрежелерин жана режимин сакташат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-12)
