# 1-берене. Ушул жалпы техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202693)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы № 151 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4081/edition/956376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202693/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент, 1-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-1

---

Ушул Мыйзам (мындан ары - техникалык регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстери үчүн чарбалык жана башка иштин объекттеринде ишти долбоорлоодо жана жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоого карата жалпы талаптарды белгилейт. Ушул жалпы техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана утилдештирүүнүн процесстерине карата колдонулат жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстерин жүргүзүүчү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202693/st-2)
