# 8-берене. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2017 года № 222 (27) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты о государственных пособиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111731)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.12.2017 [Закон КР от 28 декабря 2017 года № 222 (27) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты о государственных пособиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111731); 05.08.2015 [Закон КР от 5 августа 2015 года № 217 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111261); 27.01.2014 [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862263..862264>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 8-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-8

---

1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шартта дайындалат.

2. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

- балдар он алты жаш куракка жеткенге чейин аларга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө;

- (абзац КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 222 (27) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;

- үч жана андан көп эм төрөлгөндөргө жөлөкпул - алардын ар бири он алты жашка чыкканга чейин кепилденген эң төмөнкү кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө.

3. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулга укугу бар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүн эсепке алуу менен үй-бүлөгө жалпы өлчөмдө дайындалат (бала төрөлгөндөгү бир жолу берилүүчү жөлөкпулдан башка).

4. Бюджети бөлөк бир канча үй-бүлө чогуу жашаган учурда, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат.

(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18, 2015-жылдын 5-августундагы № 217, 2017-жылдын 28-декабрындагы N 222 (27) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-9)
