# 7-берене. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду алганга укуктуу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 7-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-7

---

1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду төмөнкүлөр алганга укуктуу:

- жашы он алтыга жете элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин);

- эгерде контракттын суммасы кайрымдуулук алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса, бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү формада окуган баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери, алар он сегиз жашка чыкканга чейин.

2. Эмгекке жарамдуу ата-энеси (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып-караган ата-энеден бөлөк) иштебеген жана калкты ишке орноштуруу кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбаган, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпул алууга укугу жок.

3. Толук мамлекеттик камсыздоодо турган балдарга жөлөкпул дайындалбайт.

(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-8)
