# 30-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 30-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-30

---

1. Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. 2010-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1998-жылдын 5-мартындагы № 15 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 4, 116-ст.);

- 2001-жылдын 30-апрелиндеги № 36 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 4, 96-ст.);

- 2002-жылдын 12-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 9-ст.);

- 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 459-ст.);

- 2004-жылдын 1-июлундагы № 81 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 447-ст.);

- 2005-жылдын 13-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 899-ст.);

- 2006-жылдын 27-июлундагы № 133 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 605-ст.);

- 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 70 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 352-ст.).

Кыргыз Республикасынын Президенти

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-29)
