# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 3-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: жыл - 12 айдан турган мезгил; мамлекеттик жөлөкпул - балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул; аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө; жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө; эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыга элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын күндүзгү негизде окуган студенттери, - алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин); медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; пенсия курагына жеткен жарандар; муктаждыкты аныктоо - балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдеп билүү; жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар, стипендиялар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы; жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы, - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар; аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, жашоо деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндөгү анкета, булардын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн чаралары иштелип чыгат; киши башына орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-4)
