# 26-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого жана төлөп берүүгө байланышкан талаш-тартыштар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 26-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-26

---

Талаш-тартыш маселелерди кароо үчүн райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялар тарабынан жарандардын мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү тууралуу даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиянын курамына райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо башкармасынын, финансы бөлүмүнүн, салык кызматынын, айыл чарба бөлүмүнүн, статистика башкармалыгынын жана жер ресурстары боюнча бөлүмдүн начальниктери кирет. Комиссия төмөнкүлөрдү карайт:

- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодон негизсиз баш тартуу жана туура эмес дайындоо жөнүндө жарандардын арыздарын;

- мамлекеттик жөлөкпулдардын өз убагында төлөнбөгөндүгү жөнүндө арыздарды;

- мамлекеттик жөлөкпулдардын негизсиз төлөнгөн суммаларын өндүрүү жөнүндө маселелерди.

Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, талаш-тартыш социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан же мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-27)
