26-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого жана төлөп берүүгө байланышкан талаш-тартыштар
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
Талаш-тартыш маселелерди кароо үчүн райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялар тарабынан жарандардын мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү тууралуу даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиянын курамына райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо башкармасынын, финансы бөлүмүнүн, салык кызматынын, айыл чарба бөлүмүнүн, статистика башкармалыгынын жана жер ресурстары боюнча бөлүмдүн начальниктери кирет. Комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодон негизсиз баш тартуу жана туура эмес дайындоо жөнүндө жарандардын арыздарын;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын өз убагында төлөнбөгөндүгү жөнүндө арыздарды;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын негизсиз төлөнгөн суммаларын өндүрүү жөнүндө маселелерди.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, талаш-тартыш социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан же мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>