# 24-берене. Айыл өкмөтү, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан маалымкаттарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 24-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-24

---

1. Фермердик жана дыйкан чарбаларындагы айыл чарба жандыктарынын (малдын, канаттуулардын) саны жана түрлөрү жөнүндө маалымкаттарды алардын турган жери боюнча айыл өкмөтү берет.

Көмөкчү участогунун өлчөмү, айыл чарба жандыктарынын (малдын, канаттуулардын) саны жана түрлөрү, бөлүнгөн жер үлүштөрүнүн бар экендиги тууралуу, анын өлчөмү жана түрү көрсөтүлгөн маалымкаттарды жашаган жери боюнча айыл өкмөтү берет.

2. Айыл өкмөтү, менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн социалдык жактан коргоо башкармаларына берүү үчүн жарандарга зарыл маалымкаттарды үч күндүк мөөнөттө тариздөөгө жана берүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн керектүү малымкаттар акысыз берилет.

3. Жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн берилүүчү маалымкаттардын аныктыгын контролдоону менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-25)
