24-берене. Айыл өкмөтү, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан маалымкаттарды берүү
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
1. Фермердик жана дыйкан чарбаларындагы айыл чарба жандыктарынын (малдын, канаттуулардын) саны жана түрлөрү жөнүндө маалымкаттарды алардын турган жери боюнча айыл өкмөтү берет.
Көмөкчү участогунун өлчөмү, айыл чарба жандыктарынын (малдын, канаттуулардын) саны жана түрлөрү, бөлүнгөн жер үлүштөрүнүн бар экендиги тууралуу, анын өлчөмү жана түрү көрсөтүлгөн маалымкаттарды жашаган жери боюнча айыл өкмөтү берет.
2. Айыл өкмөтү, менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн социалдык жактан коргоо башкармаларына берүү үчүн жарандарга зарыл маалымкаттарды үч күндүк мөөнөттө тариздөөгө жана берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн керектүү малымкаттар акысыз берилет.
3. Жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн берилүүчү маалымкаттардын аныктыгын контролдоону менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>