# 22-берене. Социалдык жактан коргоо органдарынын кызматкерлеринин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 22-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-22

---

Мамлекеттик жөлөкпул дайындоодо социалдык жактан коргоо органдарынын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн керектүү документтерди талап кылууга;

- арыз берүүчү менен аңгемелешүү, интервью жүргүзүүгө:

- үй-бүлөнүн муктаждык курамын жана деңгээлин аныктоо үчүн арыз берүүчүдөн, туугандарынан жана башка чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана коңшуларынан сурамжылоо жолу менен үйүнө барып иликтөө жүргүзүүгө;

- тиешелүү органдардан керектүү маалыматтарды жана маалымкаттарды талап кылууга;

- мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн берилген маалымкаттардын жана башка документтердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;

- мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө үчүн берилген каражаттардын туура төлөнүшүн жана чыгымдалышын текшерүүнү жүргүзүүгө.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-23)
