# 19-берене. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кармап калуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 19-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-19

---

1. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы төмөнкү учурларда кармап алынат:

- соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүү бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу каттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылуучу башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;

- мамлекеттик жөлөкпулдардын суммаларын өндүрүп алуу үчүн комиссиялардын чечимдеринин негизинде.

Мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынан жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт. Мамлекеттик жөлөкпулдан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан эсептелип чыгарылат. Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калуу мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынын 20 пайыздан ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.

2. Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калып жаткан, ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы боюнча карыз толук тындырылганга чейин мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулган учурда карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүлүп алынат.

3. Кармап калган сумма мамлекеттик бюджетке төгүлөт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-20)
