19-берене. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кармап калуу
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
1. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы төмөнкү учурларда кармап алынат:
- соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүү бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу каттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткарылуучу башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;
- мамлекеттик жөлөкпулдардын суммаларын өндүрүп алуу үчүн комиссиялардын чечимдеринин негизинде.
Мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынан жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт. Мамлекеттик жөлөкпулдан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан эсептелип чыгарылат. Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калуу мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынын 20 пайыздан ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.
2. Комиссиялардын чечимдеринин негизинде кармап калып жаткан, ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы боюнча карыз толук тындырылганга чейин мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулган учурда карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
3. Кармап калган сумма мамлекеттик бюджетке төгүлөт.
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>