# 18-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү токтотуп туруунун жана токтотуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 18-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-18

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө кошумча документтерди тапшыруу зарыл болгон учурда убактылуу токтотулат.

2. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:

- үй-бүлөнүн киши башына туура келген жыйынды кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешенин деңгээлине жана андан жогору көбөйгөндө;

- балдар он алты жашка чыкканда, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окуусун бүтсө, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери он сегиз жашка жеткенде;

- туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен чыгып кеткенде;

- талап кылынган документтерди ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө тапшырбаганда;

- үй-бүлөнүн жөлөкпул дайындалган мүчөлөрү каза болгондо;

- алты ай бою жөлөкпулду талап кылбаганда.

3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:

- майыптык мөөнөтү өтүп кеткенде;

- алуучу адам каза болгондо;

- туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен чыгып кеткенде;

- талап кылынган документтерди өз убагында тапшырбай калганда;

- багуучу адамынан (адамдарынан) айрылгандык боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алуучу адам он алты жашка, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окуусун бүткөндө, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери жыйырма үч жашка чыкканда;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алуучу бала он сегиз айга толгондо;

- алты ай бою жөлөкпулду талап кылбаганда.

4. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнүн мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча документтер талап кылынган учурларда мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө эки ай аралыгында тапшырылууга тийиш болгон кошумча документтерди тапшырганга чейин токтотулуп турат.

Эки айлык мөөнөттө кошумча документтер тапшырылбаган учурда жөлөкпулду төлөө токтотулат.

5. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуу же анын өлчөмүн кайрадан карап чыгуу жагдайлар келип чыкканда, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө токтотулат же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардан башкалары өзгөрүү болуп өткөн айдан кийинки айдан баштап жаңы өлчөмдө төлөө жүзөгө ашырылат.

6. Мамлекеттик жөлөкпулга укуктуулугу жөнүндө атайылап жалган маалымат берген же негизсиз жөлөкпул дайындоого алып келүүчү жагдайлардын келип чыккандыгы тууралуу өз убагында билдирбеген адамга, мындай факт билинген учурдан тартып мамлекеттик жөлөкпул төлөө токтотулат. Мында мыйзамсыз төлөнгөн акча каражаттары республиканын бюджетине кайтарылышы керек, ал эми мамлекеттик жөлөкпулду жаңыдан дайындоо жөнүндө арыз он эки ай бою кабыл алынбайт.

7. Бийик тоолуу шартта жашап, бийик тоолуу жана алыскы жерлердин тизмегине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп келген улгайган жарандарга жана баатыр энелерге ай сайын социалдык жөлөкпул төлөө токтотулбайт. Ай сайын социалдык жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке албастан төлөнөт.

(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-19)
