# 17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2015 года № 229 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111273)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2015 [Закон КР от 18 декабря 2015 года № 229 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111273); 27.01.2014 [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862261..862262>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 17-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-17

---

1. Мамлекеттик жөлөкпулдар үстүдөгү ай үчүн төлөнөт.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдар төмөнкүлөргө төлөнөт:

- мамлекеттин толук камсыздоосунда турган балдарга - дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун 25 пайызы өлчөмүндө;

- улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашаган жарандарга, - дайындалган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун 25 пайызы өлчөмүндө;

- ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга (тоголок жетимдерге), мамлекеттин толук камсыздоосунда турган мезгилинде - толук өлчөмдө;

- жарым-жартылай мамлекеттин камсыздоосунда турган балдарга, - толук өлчөмдө;

- эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн жашы жеткен жарандарга, - дайындалган ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун 25 пайызы өлчөмүндө.

3. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дайындалган жана алуучулар тараптан өз убагында талап кылынбаган жөлөкпулдар, эгерде аларды албай калган учурдан баштап алты айдан кеч эмес убакытта кайрылса, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул - бир жылдан кеч эмес кайрылса, өтүп кеткен убакытка төлөнөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр өтүп кеткенден кийин, өз убагында талап кылынбаган мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасын сурап кайрылуу каралбайт.

4. Социалдык жактан коргоо органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган мамлекеттик жөлөкпулдар өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектөөсүз инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эсепке алуу менен, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туумдун ордун толтуруу менен төлөнүп берилет.

5. Алуучуга өткөн убакыт үчүн тийиштүү болгон жана анын каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган мамлекеттик жөлөкпул, эгерде аны алуу үчүн кайрылуу алуучу каза болгондон тартып он эки айдан кечиктирилбей берилсе, үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин арызы боюнча анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүп берилет.

6. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын жабдуу үчүн, коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъезддерди, үйлөрдүн чатырын ондоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен пайдаланылбайт.

Бул берененин ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

7. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-18)
