# 16-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2015 года № 217 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111261)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862260..862261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 16-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-16

---

1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- үй-бүлөнүн кирешеси өзгөрсө;

- үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;

- майыптык тобу өзгөртүлсө;

- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү өзгөртүлсө;

- кепилденген эң төмөнкү кирешеси өссө;

- окуучулар жалпы билим берүүчү мекемелерди бүтүрүшсө;

- баштапкы кесиптик окуу жайында окуган окуучулар, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуган студенттер он сегиз жашка толсо.

2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү өзгөртүлсө;

- майыптык тобу өзгөртүлсө;

- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү өзгөртүлсө;

- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алган адам ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун бир түрүнөн башкасына которулса.

- балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленсе.

(КР 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-17)
