16-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2015 года № 217
1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- үй-бүлөнүн кирешеси өзгөрсө;
- үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;
- майыптык тобу өзгөртүлсө;
- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү өзгөртүлсө;
- кепилденген эң төмөнкү кирешеси өссө;
- окуучулар жалпы билим берүүчү мекемелерди бүтүрүшсө;
- баштапкы кесиптик окуу жайында окуган окуучулар, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуган студенттер он сегиз жашка толсо.
2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү өзгөртүлсө;
- майыптык тобу өзгөртүлсө;
- райондук коэффициент белгиленсе (алып салынса) же анын өлчөмү өзгөртүлсө;
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алган адам ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун бир түрүнөн башкасына которулса.
- балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленсе.
(КР 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 5 августа 2015 года № 217 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берилүүчү социалдык жөлөкпулдун бир түрүнөн башкасына которулса. кошулду: - балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленсе. (КР 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>