# 14-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды дайындоо мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 14-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-14

---

1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү он сегиз жашка чейинки балдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген учурдан баштап, эгерде МСЭК маалымкат берген күндөн тартып алты айдан кечикпестен жөлөкпул үчүн кайрылса жана бардык керектүү документтерди тапшырса, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он сегиз жашка чыкканга чейин;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, эмгеги боюнча пенсия алууга укугу жок, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген учурдан, эгерде МСЭК маалымкат берген күндөн тартып алты айдан кечикпестен жөлөкпул үчүн кайрылса жана бардык керектүү документтер тапшырылса, көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - МСЭКтин маалымкатынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин;

- (4-абзац КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

- багуучу адамынан айрылган учурда пенсиялык камсыздоого укугу жок балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу укугуна ээ болгон күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укукка ээ болгон учурдан он эки айдан кечиктирилбеген болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кетсе - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он алты жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, - туулган күнүнөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу төрөлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирилбеген болсо, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар он сегиз айга толгонго чейин;

- эркектерге - алтымыш беш жашка чыккандыгы боюнча, аялдарга - алтымыш жашка чыккандыгы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер алтымыш беш жашка, ал эми аялдар алтымыш жашка чыккан күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу болгон айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою;

- баатыр энелерге - элүү беш жашка чыккандыгы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар элүү беш жашка чыккан күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу болгон айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.

2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндөгү документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан баштап он жумуш күндүн ичинде каралат.

3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга бардык зарыл документтер жөлөкпул дайындоого кайрылгандан баштап эки айдын ичинде тапшырылууга тийиш.

Зарыл документтерди эки ай өткөндөн кийин тапшырган учурда, жөлөкпулду дайындоо акыркы документ тапшырылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-15)
