# 13-берене. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоонун мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 13-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-13

---

1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул арыз берүүчү бардык зарыл документтерди тапшырган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.

2. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо жөнүндөгү документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып бир ай ичинде каралат.

3. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул бир жылга дайындалат жана ушул Мыйзамдын 16- жана 18-беренелеринде каралгандан башка учурларда өзгөртүүгө жатпайт.

Эгерде балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоодо берилген документтердин биринин колдонулуу мөөнөтү жөлөкпулду дайындаган учурдан тартып он эки айдан мурда бүтсө, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул арыз ээси зарыл документти жаңылоого тийиш болгон айдын акыркы күнүнө чейин дайындалат. (КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-14)
