12-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо
Күчүн жоготкон · 28.12.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июля 2015 года № 142
1. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул дайындоого арыз жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык коргоо органдарына берилет.
Социалдык коргоо органдары болбогон административдик-аймактык бирдиктерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү ай сайын жөлөкпулга үй-бүлөлөрдүн муктаждыгынын деңгээлин баштапкы аныктоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда арыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
2. Ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз жарандардын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык жактан коргоо органдарына берилет.
ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн башка тартиби каралышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл документтерди тапшырат:
- инсандыгын ырастоочу документти;
- анкета-арызды (арызды);
- үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты;
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкатты.
Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөкпул алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө МСЭКтин маалымат каты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалымкаттар, "кайрылман" күбөлүгү жана башка документтер) тапшырылат.
5. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын алгачкы аныктоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар болгондо, арыз берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же социалдык коргоонун райондук (шаардык) башкармасына беш күндүн ичинде маалымдоого тийиш.
(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202692/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>