# 10-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укуктуу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202692)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111670)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2014 года № 18 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205239)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692#diff=862258..862259>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4080/edition/862258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202692/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө, 10-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-10

---

1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга төмөнкүлөр укуктуу:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин;

- бала кезинен I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- I, II жана III топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- улгайган жарандар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- баатыр энелер - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- баккан адамынан ажыраган балдар, жетим балдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар, - алар он сегиз айга толгонго чейин.

2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул үй-бүлөнүн киши башына орточо жыйынды кирешеге карабастан дайындалат.

3. Ушул главада каралган ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын бир канча түрүн (буга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана багуучу адамынан айрылган учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдар кирбейт) алууга укуктуу болгон учурда, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу адамдын тандоосу боюнча анын бир түрү гана дайындалат.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алууга укук берүүчү медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202692/st-11)
