# 9-берене. Таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү

- Документ: [Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202686)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 256 " Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157 "О молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4074/edition/577211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202686/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө, 9-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-9

---

1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин сактоо жана

өнүктүрүү, Кыргыз Республикасындагы илимий жана маданий салттуулуктар-

дын улануучулугун камсыз кылуу максаттарында таланттуу жаштарды колдоо-

го алуу боюнча чаралардын системасы жүзөгө ашырылат.

2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоого алуу төмөнкүлөр аркылуу

жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик, муниципалдык жана энчиленген стипендияларды, сый

төлөмдөрдү белгилөө, билим берүү гранттарын ыйгаруу;

2) илимдин, маданияттын, көркөм өнөрдүн жана спорттун көрүнүктүү

ишмерлеринин билимдеринин, тажрыйбаларынын жолун жолдоочулукту камсыз

кылуучу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү; чыгармачылык өнөрканаларды,

мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу;

3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жана

клубдарды түзүү жана өнүктүрүү;

4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, ка-

роолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чара-

ларды уюштуруу жана өткөрүү;

5) окутуунун, кайра даярдоонун жана стажировкадан өтүүнүн улуттук

жана эл аралык программаларынын жеткиликтүүлүгүн конкурстук негизде

камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-10)
