9-берене. Таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү
Күчүн жоготкон · 04.08.2023 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157.
1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин сактоо жана
өнүктүрүү, Кыргыз Республикасындагы илимий жана маданий салттуулуктар-
дын улануучулугун камсыз кылуу максаттарында таланттуу жаштарды колдоо-
го алуу боюнча чаралардын системасы жүзөгө ашырылат.
2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоого алуу төмөнкүлөр аркылуу
жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик, муниципалдык жана энчиленген стипендияларды, сый
төлөмдөрдү белгилөө, билим берүү гранттарын ыйгаруу;
2) илимдин, маданияттын, көркөм өнөрдүн жана спорттун көрүнүктүү
ишмерлеринин билимдеринин, тажрыйбаларынын жолун жолдоочулукту камсыз
кылуучу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү; чыгармачылык өнөрканаларды,
мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу;
3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жана
клубдарды түзүү жана өнүктүрүү;
4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, ка-
роолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чара-
ларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) окутуунун, кайра даярдоонун жана стажировкадан өтүүнүн улуттук
жана эл аралык программаларынын жеткиликтүүлүгүн конкурстук негизде
камсыз кылуу.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202686/st-9" title="9-берене - Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>