# 11-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу

- Документ: [Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202686)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 31-июлундагы № 256 " Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157 "О молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112637)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4074/edition/577211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202686/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө, 11-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-11

---

мамлекеттик программалар жана жергиликтүү дењгээлдеги

программалар

1. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик

программалар жана жергиликтүү дењгээлдеги программалар төмөнкүдөй та-

лаптарга жооп берүүгө тийиш:

- демократиялык, укуктук, диний эмес жана социалдык мамлекеттик

конституциялык принцибин жүзөгө ашыруу;

- жаштардын бардык катмарларын мамлекеттин жана коомдун кызыкчы-

лыктарында коомдук пайдалуу иш-аракетке тартуу;

- жаштар үчүн инфраструктуранын иштөөсүн жогорулатуу;

- жаштарды укуктук маданиятка тарбиялоого жана алардын арасында

кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралардын

болушу.

2. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик

программалар Өкмөт тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу ме-

нен иштелип чыгат жана Жогорку Кењештин бекитүүсүнө киргизилет.

3. Жергиликтүү дењгээлдеги программалар жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан мамлекеттик максат-

туу программалардын негизинде иштелип чыгат жана жергиликтүү башкаруу-

нун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.

4. Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик программаларды

жана жергиликтүү дењгээлдеги программаларды иштеп чыгууда эркек жана

аял жынысындагы жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алышы

керек. Иштелип чыккан программаларды белгиленген тартипте кабыл алганга

чейин алар көз карандысыз экспертизадан өткөрүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202686/st-12)
