# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111553)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2017 [Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111553); 13.07.2012 [Закон КР от 13 июля 2012 года № 108 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/203708)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681#diff=873603..873604>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 5-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Президенти:

- (экинчи КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды, Жарандык коргонуунун башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизет жана Коопсуздук кеңешинин алар боюнча чечимин бекитет;

- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун согуш мезгилиндеги планын Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде толук же жарым-жартылай өлчөмдө ишке киргизет;

- (сегизинчи КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу тармагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР 2012-жылдын 13-июлундагы № 108, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-6)
