# 2-берене. Жарандык коргонууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун принциптери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 2-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-2

---

1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү - мамлекеттин өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун тутумдаш бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында жарандык коргонуу аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.

2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан аймактардын экономикалык, жаратылыштык жана башка мүнөздөмөлөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдар пайда болуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планы жана мазмуну колдо болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана аларды пайдалануу принциптерине жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар өзгөчө кырдаал жаралган аймактагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен ишке ашырылат. Согуш мезгилинде мамлекетти жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонууну башкаруу органдары тарабынан мурдатан, тынчтык мезгилде согуштук техниканын, куралдардын, согуштук аракеттерди киргизген учурда же ушул аракеттердин кесепетинен пайда болуучу коркунучтардан калкты коргоо каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен ишке ашырылат.

3. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан согуш жарыяланган же согуш аракеттери из жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-3)
