18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун тартиби
Күчүн жоготкон · 24.05.2018 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2018 года № 54.
1. Тынчтык мезгилде Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын төмөнкүдөй иштөө режими белгиленет:
- күндөлүк иштөө режими - ылайыктуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал учурунда;
- жогорку даярдыктагы режим - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологиялык абал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын пайда болуу мүмкүндүгү тууралуу божомолдор алынган учурда;
- өзгөчө кырдаал режими - өзгөчө кырдаал пайда болгон жана анын кесепетин жоюу учурунда.
Тынчтык жана согуш мезгилде Жарандык коргонуунун режимдерин киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди мүмкүн болуучу же реалдуу түзүлгөн абалга жана болжолдонгон же пайда болгон өзгөчө кырдаалдын көлөмүнө жараша төмөндөгүлөр кабыл алат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- уюмдардын жетекчилери.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу өзгөчө кырдаалдын кайсы аймакта болгондугу жана анын канчалык деңгээлдеги оордугуна жараша тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Республикалык жана трансчекаралык өзгөчө кырдаал мезгилинде жана анын кесепеттерин жоюуга жетекчилик жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнө алат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын аймагынын чектерин, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттердин жана авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнүн тартибин белгилейт. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалдын аймагында жүргөн бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Өзгөчө кырдаалдын аймагынын чектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
5. Өзгөчө кырдаалдын аймагына Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары жана калкы күчтөрдү жана каражаттарды, гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык ишке ашырылат. Кыйроодон сактоочу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдарды тартуунун жана аларды компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Берененин тексти 24.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202681/st-18" title="18-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>