# 17-берене. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 17-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-17

---

1. Жарандык коргонуунун түзүмдөрү кайсы уюмдардын базасында түзүлсө, ошол уюмдардын тизмеги Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан аныкталат жана Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниги тарабынан бекитилет.

2. Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары кириши мүмкүн:

- 18-60 жаш курагындагы эркектер;

- 18-55 жаш курагындагы аялдар, буга мобилизациялык көрсөтмөсү бар аскерге милдеттүү, 1, 2 же 3 топтогу майып аялдар, кош бойлуу аялдар, 8 жашка чейинки балдары бар аялдар, ошондой эле орто же жогорку медициналык билими, 3 жашка чейинки балдары бар аялдар кирбейт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-18)
