# 14-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 14-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-14

---

1. Жарандык коргонуу боюнча комиссия өзүнүн ишин тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдардын администрациялары, коомдук уюмдар же алардын калктын, экономиканын, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу боюнча түзүлүштөрү менен өз ара тыгыз байланыш түзүү принцибиңде жүргүзөт.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча анын чечимдери ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан, тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдар, ошондой эле ошол аймакта жашаган калк тарабынан аткарылууга милдеттүү.

3. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын түзүлүшү, төраганын орун басарларынын жана комиссиянын мүчөлөрүнүн саны, алардын иш-милдеттери ага жүктөлгөн тапшырмаларды, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын штаттык тизимин эске алуу менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан опурталдуу объектилердин санына, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучуна жана мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап белгиленет жана жогорку мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-15)
