# 12-берене. Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жагындагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 12-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- өзгөчө кырдаал пайда болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;

- өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн пайдаланууга;

- ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу кошуундардын курамына кирүүгө;

- Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында калк чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана керектүү коопсуздук чаралар жөнүндө маалымдалууга.

2. Өзгөчө кырдаалды жоюуга белгиленген тартипте түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаалдын зонасында иштегени үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга укук берилет.

Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү компенсацияларды жана жеңилдиктерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Кыргыз Республикасынын калкы Жарандык коргонуу жагында төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;

- тиричиликте жана күндөлүк иште коопсуздуктун чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келе турган эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө;

- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоонун жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;

- өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин аткарууга;

- мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюшуна көмөк көрсөтүүгө.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-13)
