# 11-берене. Уюмдардын Жарандык коргонуу жагындагы милдеттери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 11-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-11

---

Уюмдар:

- өздөрүнүн штаттарында Жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун карайт;

- Жарандык коргонуунун түзүмдөрүн түзөт жана алардын Жарандык коргонуу иш-чараларын өткөрүшүнө даяр турушуна колдоо көрсөтөт;

- тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- тынчтык жана согуш мезгилинде уюмдун туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды өткөрөт;

- тынчтык жана согуштук мезгилдерде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда өзүнүн кызматчыларына коргонуу ыкмаларын үйрөтүүнү ишке ашырат;

- кабарлоо системаларын түзөт жана өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда алардын туруктуу иштешин камсыз кылат;

- материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуунун каражаттарынын запастарын түзүшөт;

- уюмдун аймагында же анын жанында табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал пайда болгону жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана калкка токтоосуз маалымат берет;

- өзүнүн объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-12)
