# 10-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202681)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 " Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 239
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4069/edition/873602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202681/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 10-берене (24.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-10

---

коргонуу жагындагы милдеттери

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагынан буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

- өзгөчө кырдаалдарды прогноздоо жана алдын алуу боюнча өздөрүнө баш ийүүдөгү ведомстволук аймакта иш-чараларды өткөрөт;

- турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участкаларын бөлүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

- жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болчу күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну ишке ашырат;

- калкты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген программалар боюнча өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана иш-аракеттерин жүргүзүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурат;

- өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын өткөрүлүшүн уюштурат;

- өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыз кылат;

- тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн бюджетте ар жылы финансылоону карайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202681/st-11)
