# 65-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202677)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2013 [Закон КР от 5 августа 2013 года № 188 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг""](https://aqlex.ai/kg/doc/203998); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677#diff=1223424..1223425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4065/edition/1223422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202677/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө, 65-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-65

---

1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларын бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудан улам келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.

3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда проспектти мамлекеттик каттоосуз өткөрүлгөн баалуу кагаздарды ачык сунуштоо мыйзамсыз болуп эсептелет. Мыйзамсыз ачык сунуштоонун натыйжасында алынган инвесторлордун каражаттары инвесторлорго кайтарылууга жатат. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз ачык сунуштоодон алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвесторлорго кайтарылып берилүүчү сумманы чыгарып салуу менен республикалык бюджетке алынууга жатат.

4. Баалуу кагаздар рыногунда лицензиясыз жүзөгө ашырылган кесипкөй иш мыйзамсыз болуп эсептелет.

Баалуу кагаздар рыногундагы лицензиясыз ишти жүзөгө ашырган кесипкөй катышуучулардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Лицензиясыз иштен алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республиканын бюджетине алынууга тийиш. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202677/st-66)
