65-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2013 года № 188
1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларын бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудан улам келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.
3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-1. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда проспектти мамлекеттик каттоосуз өткөрүлгөн баалуу кагаздарды ачык сунуштоо мыйзамсыз болуп эсептелет. Мыйзамсыз ачык сунуштоонун натыйжасында алынган инвесторлордун каражаттары инвесторлорго кайтарылууга жатат. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз ачык сунуштоодон алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте инвесторлорго кайтарылып берилүүчү сумманы чыгарып салуу менен республикалык бюджетке алынууга жатат.
4. Баалуу кагаздар рыногунда лицензиясыз жүзөгө ашырылган кесипкөй иш мыйзамсыз болуп эсептелет.
Баалуу кагаздар рыногундагы лицензиясыз ишти жүзөгө ашырган кесипкөй катышуучулардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Лицензиясыз иштен алынган кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республиканын бюджетине алынууга тийиш. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 5-августундагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.10.2012 · № 170
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-65" title="65-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>